Биз менен байланышыңыз

Сыдыков бийлик бутактарынын күчүн ишкердикти коргоого багыттоону сунуштады

Кыска кабар | 12 Фев 2020 | 472 | 0

Ишкерлердин басымдуу бөлүгү мыйзамга баш иет. 2018-жылы ишканалардын кирешеси 24.7 млрд сомду түзсө, анын 65%га жакынын кошумча салыкка алып коюудабыз. Ишкерлерге кысым көп болсо, ишкерлердин кирешеси төмөндөп кетет. Натыйжада, алар көмүскө жолго жетеленет. Бизде салык органдары жакшы иштебейт же мамлекеттик органдарда маселе бар. Мындай пикирин Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков билдирди. Аскар Сыдыков билдиргендей, салыктар боюнча соттук иштин 80%ы мамлекеттин кызыкчылыгына чечилет.

-Биз ишкер зыян тартты деген маалыматты укпайбыз, бирок көп учурда мамлекет тарткан зыян тууралуу айтылат. Ишкерлер «биз мамлекетке өгөй баладай болуп калдык, тил угабыз, талап кылышат, колдоо жок» дешет. Эң көп жапа чеккендер ак ниеттүү салык төлөөчүлөр , — деди Сыдыков.

Ошондой эле, Сыдыков криминалдын кысымдары да ишкерлерди түйшөлтүп жатканын, алардын коопсуздугу камсыздалбаса, ишкерлердин келечекке болгон үмүтү жоголо турганына токтолуп:

—  Бул жагдай уланса, капитал сыртка чыгып кетет, ишкерлер көмүскөгө кирип, Арбитраждык талаштар көбөйө берет, — деди.

Мындан сырткары, Аскар Сыдыков бизнести өнүктүрүүгө багытталган өзүнүн сунуштарын айтты:

  • Бирдиктүү депозиттик эсептен бизнеске тиешелүү каражаттарды алып салуу;
  • Бийлик бутактарынын күчүн ишкердикти коргоого багыттоо;
  • Инвестициялар жөнүндө мыйзамдарды комплекстүү карап, өзгөртүү;
  • Текшерүүлөрдөн алыстап, жаратмандыкка, өндүрүүгө багыттоо.

Copyright © 2017 Maral FM