Биз менен байланышыңыз

Оксфорд менен Кембридж аз камсыз болгондорго жеңилдик берет

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Фев 2020 | 547 | 0

Улуу Британиянын престиждүү университеттери аз камсыз болгон райондордон келген студенттерди кабыл алууну жандантат. Бул тууралуу ВВС орус кызматы жазды.

Маалыматка караганда, аз камсыз болгон райондордон келгендердин көрсөткүчү башка престиждүү райондордогу жана жеке мектептерден келген абитуриенттердин көрсөткүчүнөн төмөн болгонуна карабай кабыл алынмакчы.

Office for Students көз карандысыз регулятору ушундай ыкманы британ окуу жайларына киргизүүнү сунуштаган. Анын ичинде Оксфорд жана Кембридж жогоркуу окуу жайлары да бар.

Оксфорд менен Кембридж бул көрсөткүчтү 5 жыл ичинде 7 пайызга көтөрүүгө сөз берди. Бирок, сынактан жогорку упай топтогондордун нааразычылыгын жараткан мындай ыкма канчалык ишке ашары азырынча белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM