Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал туруктуу

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 443 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү «Маралга» билдирди.

Мамлекеттик чек ара аркылуу Казакстанга өтчү өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барып жатышат.

Чек ара кезмети мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган баңги заттарын, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды аныктоо үчүн жүктөрдү жана транспорт каражаттарын текшерип, паспорт көзөмөлүн жүргүзүшүүдө. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн бардык жарандардын дене табы жана акыбалы тепловизор аркылуу текшерилүүдө.

2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагына кирген Казакстандын жарандарынын кайтуу тенденциясы байкалууда.

Ошол күндөрү “Кең-Булун авто жол” жана “Токмок-авто жол” өткөрүү жайлары аркылуу Казакстандан Кыргызстанга 4000ден ашуун жаран кирген.

Copyright © 2017 Maral FM