Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында эч кандай чектөө киргизилген жок

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 233 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында кыргыз тарап да, казак тарап да жарандарды, транспорт жана жүктөрдү алып өтүүгө  эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизген жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-январдан 6-январга чейин Казакстан менен мамлекеттик чек арадан 447 оор жүк ташуучу унаа өткөн. Анын ичинен Кыргызстанга таандык 268 унаа кирип, 179 унаа чыккан.

Чек ара кызматы Казакстан менен мамлекеттик чек ара аймагындагы өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалбаганын белгилейт.

«Оор жүк ташуучу транспорт каражаттарын «Ак-Тилек-авто жол», «Чалдыбар-авто жол», «Чоң-Капка-авто жол» жана «Каркыра-авто жол» өткөрүү жайлары аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84 буйрутмасынын талаптарынын негизинде аткарылып жатат. Бош оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Кыргызстандан Казакстанга «Кең-Булун-авто жол» өткөрүү жайы аркылуу чыкса болот, ал эми темир жол аркылуу жүктөрдү «Кайыңды-темир жол» өткөрүү жайы аркылуу өткөрсө болот«, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ушул тапта коңшу Казакстанда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу элдик толкундоолор күч алып, жарандар менен күч түзүмдөрүнүн ортосунда кагылышуулар болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM