Биз менен байланышыңыз

Президент Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 747 | 0

Бүгүн, 17-майда, президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликтеги чараларды талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстан территориясы аркылуу транзит менен алып келүүдө көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.

Бүгүн, 17-майда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 67 жашка толду. Ал 1953-жылы Алма-Ата шаарында (азыркы Алматы) туулган. Атасы Кемел Токаев (1923-1986), Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, белгилүү жазуучу, казак адабиятында детектив жанрынын негиздөөчүсү болуп саналат. Апасы Турар Шабарбаева (1931-2000), Алма-Ата педагогикалык чет тилдер институтунда иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM