Биз менен байланышыңыз

Акыркы эки айда 24 миң чет элдик жаран Кыргызстандан чыгып кеткен

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 1158 | 0

19-марттан 16-майга чейин 24 миң 610 чет элдик жаран Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул тууралуу маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бороновдун айтымында, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 19-марттан 16-майга чейин биздин өлкөгө жалпы 42 миң 754 жаран келген.

Ушул эле мезгилде 39 миң 917 жаран биздин өлкөдөн чыгып кеткен. Анын ичинен 24 миң 610 жаран башка өлкөнүн жарандары, — деди Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM