Биз менен байланышыңыз

Айдаркен: Чек арачылар мыйзамсыз жүктү колго түшүрүштү

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 552 | 0

Өзбекстандын аймагына 100Вт жана 220Вт болгон 6700 лампочканы көзөмөл өткөрмө бекетинен сырткары аймактан мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Айдаркен чек ара кызматынын кызматкерлери, 1989-жылы туулган М.Ж. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын токтотуп текшеришкен.

Транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекетке мыйзамсыз ташып бара жаткан жалпы 100Вт жана 220Вт болгон 6700 лампочка табылган. Кармалган товарга тиешелүү документтери болгон эмес.

Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп андан кийинки териштирүү үчүн  ГТС Мамлекеттик Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM