Биз менен байланышыңыз

Дүйнө жүзү боюнча 37 миңден ашык адам коронавирусту жуктурду

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Фев 2020 | 757 | 0

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 37 миңден ашат, алардын ичинен 6,1 миң адамдын ден соолугунун абалы оор. Бул тууралуу РБК жазды.

2 649 адам оорудан айыкса, дагы 29 миң адам вирус жукту деген шек менен ооруканаларда жатат.Кытайда коронавирустун кесептинен жалпы 811 адам каза болсо, алардын 780си Хубэй провинциясында катталган. Ошол эле учурда аталган аймакта дагы 2 147 оорулуу катталды. Жалпы оорулуулардын саны 27,1 миңге жетти.

Ухань шаарында 63 киши коронавирустан каза болуп, 1,3 миң адам вирусту жаңы жуктурган. Ошол эле учурда аталган шаарда биринчи жолу чет өлкөлүктөр− америкалык жана япониялык эки жаран каза болду.

Кытайдан башка өлкөдө коронавирус 2019-nCoV жуктурган 2 адам көз жумган. Алардын бири Гонконгдун 39 жаштагы тургуну жана  Филиппинде 44 жаштагы Кытайдын жараны.

Адистердин айтымында, коронавирустун өлүм көрсөткүчү 2,2% түзөт. Ошол эле учурда күн сайын оорудан айыккандардын саны өсүүдө.

Статистикалык маалымат боюнча акыркы жумада айыккандардын саны өскөн. Кытайда 3-февралда жалпы 157 адам үйгө чыгарылса, 4-февралда 262 адам, 6-февралда 387, 7-февралда 510, 8-февралда 600 адам ооруканадан үйгө чыгарылган.

Учурда Кытайдын дээрлик бардык аймактарында вирусту жугузгандар байкалды. Андан сырткары, 23 өлкөдө жана 3 административдик аймакта коронавирусту жугузгандар катталды.

Copyright © 2017 Maral FM