Биз менен байланышыңыз

Адылбек уулу: Кыргызстанга ылайыктуу электромобилдер 15-20 миң доллар турат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Фев 2020 | 1227 | 0

Кыргызстанга жарамдуу электромобилдердин баасы 15-20 миң доллардын тегерегинде. Мындай баага унаа ала турган үй-бүлөлөрдүн саны көп эмес. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу “Маралга” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, башка өлкөлөрдө электромобилдерди жайылтуу үчүн жарандарга көмөк көрсөтөт.

-Көпчүлүк өлкөлөр 50%дык субсидия берет. Эгер бир жаран 20 миң долларга электромобиль алып жатса, мамлекет 10 миң долларын каржылат берет. Мамлекет ал жакка короткон акчасын башка жактан өндүрүп алууну да көздөйт. Электромобилди жайылтуу менен башка өлкөлөргө күйүүчү майдан көз каранды болбойт. Күйүүчү май менен жүрө турган унаалар келсе, аларга кошумча салык салат. Алардан түшкөн каражатты субсидияга бөлөт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда электромобилдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында өкмөттүн токтому чыккан. Анда ЕАЭБ өлкөлөрү менен сүйлөшүп, бажы алымдарын алып салуу, кошумча нарк салыгына мораторий киргизүү жана инфраструктуралык шарт түзүү максаты коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM