Биз менен байланышыңыз

Электромобилди жайылтууда кошуналардан артта калып жатабыз

Пикирлер , Экономика | 8 Фев 2020 | 3495 | 0

Өкмөт Кыргызстанда электромобилдерге ыңгайлуу шарт түзүү үчүн 2019-жылы токтом кабыл алган. Анын негизинде керектүү иш-чаралардын да планы бекитилген. Учурда кандай иштер жүрүп жатат? Дүйнөдө кеңири жана тездик менен жайылып жаткан бул тармакта Кыргызстан өз активдүүлүгүн канчалык көргөзүп жатат? Жарандарга жана ишкерлерге, мамлекетке кандай пайда алып келет? Ушул суроолордун алкагында маек курдук. Коноктор Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу, Экономика министрлигинин алдындагы стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Ашыров болду.

— Экономика министрлигинен акыркы маалыматтарды алсак. Кыргызстанда электромобилдер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында кандай жумуштар аткарылып жатат?

Ашыров: -2019-жылы 11-октябрда  өкмөттүн буйругу менен  иш-чаралар бекитилген. Анын ичинде бизде 5 тармак боюнча иштеп жатабыз. ЕАЭБдин алкагында башка мамлекеттер менен сүйлөшүп, электромобилдерге бажы алымын жок кылууга аракет көрүп жатабыз. Электромобилдердин кошумча нарк салыгына  7 жылга мораторий жарыялоо,  андан сырткары электркубаттоочу станциялардын тетиктерине ЭАИК боюнча мароторий киргизүү. Биз көбүнчө электромобиль эмес, ага карата инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш алып баруудабыз. Себеби инфраструктура жок болсо, электромобилдердин жүрүүсү да кыйын болот. Муну менен катар Экономика министрлигинде электр кубаттоочу станцияларга стандарттарды киргизүү боюнча иш жүрүүдө. Бишкек шаарынын кайсы жагына инфраструктураны коюу маселеси каралып жатат. Биздин оюбуз боюнча, борборго 30 электр кубаттоочу станция курулат. Азыр кайсы жерге коюу маселесин мэрия менен сүйлөшүп жатабыз.


Ошто жеке ишкер машина куруучу завод курду


— Сиздердин министрликтин элекромобилдерди сатып алууда милдеттери кандай? 

Ашыров: -Мамлекеттик бюджеттен канча каражат мамлекеттин автопаркын тейлөөгө  багытталганы боюнча азыр маалымат чогултуп жатабыз. Андан кийин долбоор түзүп, долбоордун негизинде көрөбүз. Мисалы, 100 электромобилди 6-7 жылга алсак, ошол эле дем менен дагы алабызбы же мүмкүнчүлүгүбүз болобу деген суроолордун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бирок жарандарга биз жеңилдетүү максаттарын карап жатабыз. Атайын шаардын ичиндеги электромобилдерге салык жагынан бажы алымысыз, электр кубаттоочулар, унаа токтотуучу жайларды акысыз кылууга шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Ушундай стимулдар боюнча иш алып барып жатабыз.

-Сиздер тараптан электромбилге өтүү боюнча  кандай сунуштар болду эле жана алардын кайсылары бүгүнкү күндө эске алынып жатат?

Маматалиев: -Бул маселени комплекстүү кароо керек. Бул бизге, элибизге керек. Бирок ошол эле учурда элге толук шарт түзүп бере албасак, толугу менен  колдоно ала турганына көзү жетпесе, эч ким албайт. Ошондуктан биринчи кезекте инфраструктурасын түзүп, май куюучу жайларды ачып шарт түзүп берүү керек. Жок дегенде, пилоттук вариантта 5-6 жайды түзүү керек. Премьер-министр мамлекеттик унааларды  элге үлгү катары көрсөтүү менен биз баштайлы деп өз сөзүндө айтып өткөн. Ошондуктан, мамлекеттик унаалардын баарын өткөргүлө деп талап кылып жатабыз.  Эл ошондо электромобилдүү унаалар жүрсө болорун, инфраструктура бар экенин, канчалык үнөмдүү экенин ар бири байкашса болот. Мисалга, жөнөкөй унаа менен көлгө канча чыгым менен барат,ал эми электромиль болсо менен 2-3 эсе арзан барат.  Эң негизгиси бул – биздин экологияга пайдалуу. Ушунун баарын элибиз көрсө, түшүнсө ала баштайт эле жана биз дагы аракет кылып баштайт элек.

Электромобилдерге өтүүнүн бизге экологиялык, экономикалык жактан пайдасы канчалык?

Адылбек уулу: -Электромобилге өтүүнүн экологияга пайдасы абдан эле чоң. Абага булганыч заттардын чыгышын токтотот. Азыркы биздин эски унаалардын таасиринен, күйүүчү майдын сапатынын айынан болуп жаткан булгануудан арылса болот. Ал эми экономикалык  жактан бул – эң биринчи ирет өзүбүздө өндүрүлгөн энергетикалык ресурсту туура, эффективдүү колдонуу. Азыр биз күйүүчү майлардын баарын Орусиядан, Казакстандан импорттоп жатабыз. Бул жерден энергетикалык ресурсту өзүбүз  чыгарабыз. Ушул күйүүчү майды импорттоого керектелчү чет элдик валютаны, акчалардын баарын үнөмдөп калсак болот. Экономикалык жактан эффектиси абдан жогору болот. Бирок, бул системага негизи электромобилдүүлүктү жайылтуу, чыгарууга кеңири көз караш менен кароо керек. Электромобилдерди алуу мүмкүнчүлүгүн жаратыш керек. Бул нерсе бүгүнкү күндө арзан оокат эмес. Эң арзан электромобиль азыркы күндө Кытайда чыгат. Арзандары 20 000 $дан өйдө. Бизге ылайык баадагылары 5000$-6000$. Алар көлөмү кичинекей унааларга гана атайын ушундай кичинекей электромобилдерди жасап коюшкан. Биздин шартыбызга кыйыныраак болуп калат. Биз барып, изилдеп келгенде эң арзанынын баасы 15 000-20 000$дан өйдө. Бүгүнкү күндө ушул суммага ылайык унаа ала турган үй-бүлөлөрдүн саны өтө эле массалык түрдө көп эмес. Башка өлкөлөрдө электромобилдерди жайылтууда дагы чоң мамлекет тарабынан жардам бул — 50% субсидия берилгендиги. Эгерде заводдон сатып алса, 20 000$ турган унаанын 10 000$ын мамлекет берет. Ошондо кардар 10 000$ын өзү төлөйт. Субсидияны колдоо менен ошол акчаны мамлекет башка жактан чыгарып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, бензин, дизель отуну менен жүргөн эски унаалардан кошумча салык менен чыгарып алат. Мына ошол түшкөн каражатка субсидия берүү менен жаңы унааларды алып берип жатышат.


Ат-Башылыктарды кабатырланткан логистикалык борбор


-Электромобилдердин баасы кымбат экенин айтып өттүңүз. Аларды арзандатуунун жолу катары өзүбүздөн чыгарып баштоо болуш керек. Кыргызстандан электромобилдерди чыгаруу, инвестиция тартуу боюнча, мисалы, 2018-жылы Кытай менен биринчи сүйлөшүүлөр башталган . Азыркы учурда сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатат жана ал кайсыл этапка келип калды?

Адылбек уулу: -Биринчи сүйлөшүүлөр биздин президентибиздин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында башталган. Кытайдын мамлекеттик унаа чыгаруу компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.  Алар келип, биздин базарды изилдеп, өздөрүнүн тийиштүү бир тыянактарын чыгарып кетишкен. Эң биринчи маселе бул – баа.  Алардын айтуусунда, Кытайда эң арзан, заводдон чыгып жаткан унаа -18 000 $ экен. Кыргызстандан чыкса, бир аз кымбатыраак болуп калышы мүмкүн. Себеби, бул жакка алып келип, кайра чогултуп, иштеп чыгуу үчүн  бир топ каражат кетет. Сатып алуучулардын саны кандай болот? Бизге завод ачуу үчүн жылына 300-400 унаа сатылып турушу керек. 300-400 унааны сатып алат деп бизге ким кепилдик бере алат деген суроолорун айтышты. Электротакси ачууну көздөп, жеке такси комнпаниялары менен сүйлөшүү уюштурдук.

Бирок 17-18 000$га ала албашын, эгерде 12 000$ боло турган болсо, иштешкенге даяр экендигин билдиришти.  “LUXE электротакси” деп чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Тилекке каршы, баасы жагынан  келише албай калдык. Экинчи жагы – инфраструктуранын жоктугу. Муну менен эле токтолуп калбастан, бүгүнкү күндө бул ишти улантуудабыз. Быйылкы жылдан баштап Кытайдын 3 чоң шаары Шанхай, Пекин, Гуанчжоу унааларын экспорттоого мүмкүнчүлүк берди. Мурда экспортко тыюу салынган болчу. Анын ичинен ГВС бензин менен жүрүүчү, электроток менен жүрүүчү унааларды экспорттоого уруксат берди. Бул эмнени тушүндүрөт? Бул бизге – чоң мүмкүнчүлүк. Прагматикалык жактан караш керек. Себеби Кытайда 50% субсидия менен бергенде ал унааны жаран 10 000$ га алса, 2,3 жыл колдонуп, аны 6-7-8000$га сатканга болот. Ошондой 2,3 жыл жүргөн унааларды башын баштап алыш үчүн 6-7 000$ тегерегинде импорттосок болот. Кандайдыр бир жаран бизнес кылып же мамлекет тарабынан колдоого алынса, ошол электромобилдер келип, эл көнө баштайт. Электромобилдердин саны өскөндө Кытай компаниялары да келип тейлөө борборлорун ачууга шарт түзүлөт. Эң негизгиси, электромобилдерди жайылтууга мүмкүнчүлүк болмок. Кытайдын атайын унаа экспорттоо ассоциациясы ушул жол менен иштешкенге даяр. Биздин азыркы жагдайда карапайым элдин киреше деңгээлин эске алуу менен ушундай бир прагматикалык жол менен жүрсө да болот.  Андан бөлөк 2-3 компания менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргызстандын жагдайын эске алып, бул жерде чыгара турган болсок “А” класстагы кичирээк унааларды чыгарсак, алардын орточо баасы 10 000$дан кымбат эмес баада болот.

Дагы бир кубандырган нерсе — биздин ички бизнесмендерибиз, жарандарыбыз өзү инженердик тажрыйбасын колдонуп, март айларында биз колдоп келген проект “Кыргыз унаа курулуш” заводу ачылат. Ушул заводдун алкагында күзгө чейин бизде атайын пландар бар. Ал жактан электробустар чыгарыла баштайт. «Инвестиция тартып берсеңиздер, өзүбүз электробус чыгарат элек» деп бир топ инженерлер кайрылышкан. “Кыргыз унаа курулуш” менен иштешип, биздин биринчи электробус март, апрель айларында даяр болот деген ниетибиз бар. Бул биздин биринчи ата мекендик иштеп чыгуубуз болот. Бирок муну менен электромобиль чыгарып калдык деп айтууга кыйын. Себеби, автоунаа чыгарыш үчүн вин-код керек, аны алуу  үчүн процедурасынан өтүү керек. Андан сырткары, “Кыргызстанда жасалды” деген статусту алыш үчүн локализациянын же бизде өндүрүлгөн товар ошол электромобилдин бүт жумуштары  50%дан кем эмес Кыргызстанда болушу керек. Ошонун баары сакталгандан кийин сертификат алып, вин код алуу менен Кыргызстандын автоунаасы деп дүйнөгө тааныла баштайбыз. Бул боюнча Экономика министрлиги, биздин Өндүрүш, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекет комитети аябай активдүү иштеш керек. Ушундай шарттар тузүлсө, биз инвесторлорду тартып, андан ары да иштегенге даярбыз. Инфраструктура түзүү боюнча дагы өзүнчө жакшы бизнес кылса болот. Бүгүнкү күндө “Дастан” мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүп, ошолордун базасындагы электрокубаттоочу атайын станцияны сатып алып, кайра изилдешип, “өзүбүз ушуну жасай алабыз” деген тыянака келишти. Азыр  инвестор издеп жаткан учур.


Өкмөт элди электромобилге өткөргүсү келет


-Жарандарга жеткиликтүү кылуу үчүн жогоруда айтылып өткөн мүмкүнчүлүктөр жетиштүүбү же дагы кандайдыр бир шарттар болушу мүмкүн?

Маматалиев:-Жогоруда айтылган унаалардын арзандары да бар. Аларды Европадан алып келүү керек. Мен дагы муну бир топ изилдеп көргөнмүн. 10 000$дын тегерегиндеги жаңы унаалар бар экен. Бул бир жагы, экинчи жагы бизнесмендер, инвесторлор алып кете турган өзүнчө бир багыт. Канчалаган май куйуучу жайларды жеке ишкерлер ачып жатат. Ушул сыяктуу жолдор менен инвестиция киргизсе болот. Электрокубаттоочу жайларда 20 мүнөттөй күтүп туруу керек. Мына ушул учурда инфраструктура керек. Жол боюна кафелерди, тамактануучу жайларды тургузса болот. Андан сырткары, мамлекет сөзсүз түрдө жарандарды кызыктырышы керек. Бул – Кыргызстандын экологиясы үчүн жакшы нерсе. Экологияга башка мамлекеттер миллион, миллиарддаган акчаларды сарптайт. Бизде андай болбосо дагы, жок дегенде башка жолдорду издеп кылсак болот. Унаа токтоочу жайларды бекер кылып, штрафтарды азайтуу жолу менен жардам берсек болот. Ар кандай шарттарды түзүп, кызыктырсак болот.

— Электромобилге өтөбүз деген негизде азыркы эски унааларды айдоого чектөө киргизүүгө негиз барбы?

Маматалиев: -Биз андай чектөө коё албайбыз. Ал жагы бир аз туура эмес болуп калат. Элдин шартына да маани беришибиз керек. Убакыт келип, өзү эле жок  болуп кетет деген ойдомун.

— Кытай менен салыштырмалуу башка дагы кайсы өлкөлөр же компаниялар менен сүйлөшүүлөр болгон?

Адылбек уулу: -“Кыргыз унаа курулуш” компаниясы “Nissan” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Азыркы учурда бир эле Жапон мамлекети менен сүйлөшүүлөр бар. Башка Европадагы унаа чыгаруучу компаниялар толук кандуу электромобиль чыгарууга эми гана өтүп келе жатат. Жапония, Корея жана Кытай, башкача айтканда, Азия өлкөлөрү негизги оюнчулар.

-Электромбилдерди алып келүүдө аларга болгон салыктар кандай каралган?

Адылбек уулу: -Салыктар жана экономика министрдин айтуусу боюнча, салыктардан бошотуу туурасында иштер жүрүп жатат. Жеке тарап алып келе турган болсо, бажы алымдарынан, салыктардан бошотуу. Сапатына, жылына карап жаңыларын алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Эч ким мажбурлабайт. Өзүбүздөн баштап туура тандоо жасашыбыз керек. Мамлекет болгону шарт түзөт. Калганы өзүбүздөн. Салык боюнча да өзүнчө маселе.  Кандай айырма бар экенине так жооп бере албайм.  Эгерде бизде унаа өндүрүшү иштеп, унаалар чыга баштаса, башка өлкөлөрдө колдонулуп келүүчү утилизациялык төлөмдөрдү киргизүү керек. Бул – ар кандай эски унааларды киргизүүдөгү кошумча төлөм. Мындай чара ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталат.

— Электромобилдерге өтүү тиешелүү деңгээлде жүрдү дейли. Кубаттоочу станциялар да курулду. Биздин электроэнергиябыздын кубаты жетеби?

Маматалиев: -Албетте, жетет. Шек санабай эле коюш керек. Суунун башында турган мамлекет катары бизге мындай маселелердин жаралышы бир аз уят го. Керек болсо башка мамлекеттерге сатып, байысак да болот. Бир аз кемчиликтер бар. Жаңы ГЭСтерди бүтүрүш керек.


Porsche алгачкы электромобилдик унаасын сунуштады


— Электромобилдердин тенденциясына өтүү боюнча суроо узатсам. Бул кошуна өлкөлөрдө Орто Азияда кандай кетип жатат? Кыргызстан салыштырмалуу арттабы же алдыдабы?

Адылбек уулу: -Өзбекстанда Кытай менен биргелешкен заводду куруу иши башталды. Казакстанда да “Toyota”, “Hyundai” менен биргелешкен унаалар чогултулуп келе жатат. Бул мамлекеттерде электромобилге тез өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Юридикалык, уюштуруучулук маселелери, вин код берүү, локализациялардын баары буга чейин жасалган.  Орто Азия ичинде автоунаа боюнча биз эле артта калып жатабыз. Моюнга алыш керек. Тажикистан бүгүнкү күндө трактор чыгарып жатат.

— Биз артта экенбиз, буга эмне себеп болууда?

Маматалиев: -Өзбекстанды карасак, заводду эле күтүп олтурбай автобустарды толугу менен электромобилге өткөрө башташты. Кандай гана нерсе болбосун, биз дагы муну кабыл алышыбыз керек. Алдыга карай өсө турган багыт десем болот. Бул багыттан бир аз калып калганыбыз өкүнүчтүү. Бирок бизде болуп жаткан бардык аракеттерди, шарттарыбызды колдонуп озуп кетсек болот. Калкыбыз да жаңы нерсеге тез үйрөнөт. Сөз кылып жаткан инфраструктураларды, шарттарды түзүп берсек, тез эле алдыга кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Сөздөн иш жүзүнө өтөлү деп Жогорку Кеңеште көтөрүп жатабыз. Ошон үчүн пилоттук вариантта 2020-жылы баштагыла деп так жазып койдук. Биз дагы дем берип, тапшырмаларды катуу беришибиз керек. Өкмөт дагы иштеши керек.

-Маегиңиздерге рахмат.

Берүүнү алып барган: Садырбек Саматов

Сайтка даярдаган: Махбуба Сайпилаева

Copyright © 2017 Maral FM