Биз менен байланышыңыз

Ошто жеке ишкер машина куруучу завод курду

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 11984 | 1

Ош шаарынын Южный кичи районундагы өнөр-жай аймагына жеке ишкер Нурбек Осмонов тарабынан машина куруучу завод курулуп жатат. Учурда заводдун курулуш иштери аяктап, керектүү жабдуулар орнотулууда. Ишкананын март айында пайдаланууга берилиши күтүлүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Каимов «Марал» радиосуна билдирди.

Бул ички инвестиция болуп саналат. Жеке ишкер өз каражатына машине куруучу завод куруп жатат. Аталган заводдон баштапкы этаптарда автоунаа тетиктери, суу насостору, гидро-электро станцияларга керектүү жабдыктар, дизелдик жана бензин системаларындагы генераторлор жана станоктор чыгарылса, келечекте электромобилдерди чыгаруу пландалган» , — деди Каимов.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы суммасы 150 млн долларды түзөт. Бүгүнкү күндө ишкананын курулушуна 10 млн доллар иштетилген. Завод толук ишке киргенден тартып 300 кишини жумуш менен камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM