Биз менен байланышыңыз

Ат-Башылыктарды кабатырланткан логистикалык борбор

Экономика | 29 Янв 2020 | 1704 | 0

«Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына 49 жылга ижарага берилген Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюндагы, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан жерге соода борборун курууга жергиликтүү тургундар каршы чыгышты. Жер Кытайга менчикке өтүп кетет деген эл тынчтык митингине чыгып, талаптарын да айтып жатышат. Деген менен расмий өкүлдөр логистикалык борборду курууда кооптонууга эч кандай негиз жок экенин айтып жатышат. Эгерде аталган борбор курулуп калса, Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет? Курулбай калса, мамлекет эмнелерден кол жууйт?

28- январда Нарын облусунун Ат-Башы районунда акимиаттын алдында индустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы тынчтык митинги өтүп, анда 400гө жакын адам чогулду. Митингге чыккандар логистикалык борбор курулат деп пландалган жерди  кытайлык жеке ишкерлерге бергенден көрө, бийликте аты чыккан чиновниктер өздөрү курса деген ниеттерин билдиришти.


Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү


Кыргызстандын экономикасын өстүрүү, жумушчу орундарды түзүү үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексин куруу үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. Жер «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына 49 жылга ижарага берилген.

«Мамлекеттин жерин эч ким тартып ала албайт, бул жөн гана ижарага берилип жатат», -дейт  Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу.

Ал курула турчу соода-логистикалык борбордун өлкө үчүн пайдасы чоң экенин, бул үчүн  мамлекет атайын концепция жазып, буга чейин бир канча инвесторго сунуштаганын айтып, бирок эч ким макул болбой келгенин мындайча түшүндүрдү:

-Элдин митинге чыгып жатканына аларга толук маалыматтын жетпей жатканы себеп болууда. Биз буга чейин атайын концепция жазып алып, канчалаган инвесторлорго сунуштаганбыз. Бирок «тоолуу аймак» деп Нарынга баргандан көбү качышчу. 49 жылга ижарага эле берип жатабыз. Мыйзам боюнча ортодо келишимдер, талаптар бар. Эгерде ал нерселер аткарылбай бузуулар болсо, биз дароо келишимди бузуп, жерибизди алып алганга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анткени жер — биздики да. Кыргызстан үчүн соода-логистикалык борбор керек. Себеби биздин ата мекендик өндүрүшчүлөрүбүздүн товарлары калып кетип жатат. Эч кандай экспорт өспөй жатат. Биз болгону чоң-чоң компанияларга чоң аянтча эле түзүп берип жатабыз. Эл, балким, бул жерден менталитет, каада-салт дегендерден чочулап жатышы мүмкүн, бирок биздин ишкерлерге бул борбор керек. Экономикабыздын өсүшүнө да таасирин тийгизет.


Кыргызстанда логистика факультети ачылат


«Ат-Башыда салына турчу соода-логистикалык борбор саясатташып кетти», -дейт меценат Аскар Салымбеков. Ири инвестордун Кыргызстанга келиши, көп жумушчу орундарды убада кылган, чоң соода борборун салып берүүнү көздөп жаткан иш жакшы экенинен, бул кадамдар мамлекеттин экономикасына болуп көрбөгөндөй оң таасир береринен күмөнү жок. Көз жаздымда калган, өзүбүздөн өндүрүлүп жаткан продукцияны башка жакка экспорттоо үчүн да мамлекеттин дарамети болушу керек. Ал нерсеге курула турчу борборлордун  салымы зор.

-Байкашымча, курула турчу соода-логистикалык борбордун тегерегинде көп пикирлер айтылып, саясатташып кетиптир. Негизи, соода деген жакшы нерсе. Анын көзүн таап, мамлекеттин керегине жумшаса, экономикада өсүү кадимкидей байкалат. Анткени чоң-чоң суммадагы салыктар түшө баштайт, эл жумуш менен камсыз боло баштайт. Инвестор бул нерсенин баарын кылып берем деп жаткан турбайбы. Ат-Башыга ушундай нерсе курулат дегенде мен абдан сүйүндүм.

Ири соода логистикалык борборлор курулбаса, Кыргызстан транзиттик өлкө болбой калат. Мындай пикирди Соода өнөр жай палатасынын транспорт жана логистика департаментинин башчысы Таланбек Маткерим уулу айтат. Казакстан “Хоргос” борборун куруу үчүн 5-6 млрд доллар жумшап, жыйынтык бере алган жок. Эгерде бизге курула турчу соода борбору коррупциялашпай, бардыгы өз орду менен салынса, жыйынтыгы көңүл жибитерлик болот. Казакстан чек арасында орун алып жаткан ар кандай жагдайлар дал ушул товарларды алып өтүүдөгү жолдордон келип чыгып жатканына токтолду:

-Казакстандын чек арасында ар дайым чыр чыгып келет. Мунун себеби алар товарларды өздөрү жак менен өткөрүүнү каалайт, биз өзүбүз жак менен өткөрүүнү каалайбыз. Товар өткөн сайын мамлекеттин казынасына каражат түшүп турат. «Хоргос» базары ачылды. Бирок максатына жетпей жатат. Эгерде бизге Нарынга соода-логистикалык борбор ачыла турган болсо, бизге, Ат-Башы районунун тургундарына да жакшы болот. Жумушчу орундар түзүлөт. Бирок борбор курулганга жараша бардык шарттары менен курулушу керек. Суусу болсо, свети жок болбой. Экономикабыз үчүн соода борборлорунун таасири, берген жыйынтыгы башка мамлекеттердин мисалында алып карасам жакшы жыйынтык берип келет. Болгону коррупциялашпай, саясатташпашы керек.

Эскерте кетсек «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген. Борбордун курулушу жаз айларында башталат. Логистикалык борборго жогорку технологиялык онго чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Андан сырткары, курулуш ишине 1000ге жакын жергиликтүү жумушчулар тартылары айтылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM