Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда логистика факультети ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Янв 2020 | 1039 | 0

Кыргызстанда логистика тармагындагы адистер аз. Бул тууралуу меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Маралга” берген маегинде билдирди.

Ал бул кесиптин ээлери бир гана Кыргызстанда эмес, Орусия, Өзбекстан жана Казакстанда да жетишсиз экенин белгиледи.

-Ошол себептүү биз жаңы ачып жаткан университетте логистикалык факультет ачалы деп жатабыз. Логист бир кийимдин кайсы материалдан тигилип жатканын, кантип таңгакталып, кандай транспорттор менен кардарга жеткенге чейинки процессти көзөмөлдөйт. Мындай адамдар бизде аз болуп жатат. Бул үчүн терең билим керек экен.

Ишкер айыл чарба тармагында да логисттерге муктаждык көп экенин белгилеп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM