Биз менен байланышыңыз

Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушуна каршы митинг өттү

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 616 | 0

Бүгүн, 28- январда Нарын облусунун Ат-Башы районунда акимиаттын алдында индустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу «Фейсбук» колдонуучусу Алия Калыбекова видео аркылуу жарыялады.

Митингдин катышуучулары аталган жерди кытайлык жеке ишкерлерге бергенден көрө, логистикалык  борборду бийлик өзү  курса деген ниеттерин билдиришти. Иш-чарага жүз элүүгө жакын адам катышты.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплекси куруу үчүн Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнгөн. 2017-жылы ал жерди трансформация кылуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан. «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясына жер 49 жылга ижарага берилген.

Борбордун курулушу жаз айларында башталат. Логистикалык борборго жогорку технологиялык онго  чукул завод-фабрикаларды салуу пландалууда. Андан сырткары, курулуш ишине 1000ге жакын жергиликтүү жумушчулар тартылат.

Ат-Башыда соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы тынчтык митинг өтүп жатат

Опубликовано Алией Калыбековой Понедельник, 27 января 2020 г.

Copyright © 2017 Maral FM