Биз менен байланышыңыз

Нарын облусунда катуу шамал шиферлерди учуруп кетти

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 747 | 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 25-май күнү саат 19:30 чамасында Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан «Манас», азык-түлүк саткан «Алинур» жана «Минутка» ашканасынын чатырларын учуруп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн, 26-май күнү Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Ошондой эле Ат-Башы районунда 25-май күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районун аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жаранды коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Бүгүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM