Биз менен байланышыңыз

Porsche алгачкы электромобилдик унаасын сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Сен 2019 | 990 | 0

Германиялык Porsche унаа чыгаруучу компаниясы өзүнүн алгачкы электромобилдик Taycan спорттук седанын сунуштады.

Жаңы түзүлүш эки версияда жасалат — Taycan Turbo S жана Taycan Turbo. Turbo S флагмандык версиясы саатына 100 км ылдамдыкты 2,8 секундда  ала алат, ал эми Turbo — 3,2 секундда алат.

Turbo S’тин запасы 412 километрге жетсе, Turbo’нун запасы 450 километрге жетет. Эки моделде тең электр кыймылдаткычтары орун алган. Батареянын ийкемдүүлүгү 93 киловатт саатты түзөт. Өндүрүш ээлеринин айтымына караганда, Turbo жана Turbo S үлгүсүндөгү унааларды 100 километрге чейин айдоо үчүн 5 мүнөт заряддоо жетиштүү.

Аталган моделге буюртма кабыл алуу башталганын белгилешет. Унаанын баасы өлкөлөргө жараша өзгөрүшү мүмкүн экени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM