Биз менен байланышыңыз

Өкмөт элди электромобилге өткөргүсү келет

Коом | 22 Окт 2019 | 1185 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын автопаркын электромобилдерге өткөрүүнү тапшырды. Ал бул боюнча атайын жыйын өткөрүп, электромобилдерди унаа салыгынан бошотуу керектигин айтты. Негизи буга чейин да Кыргызстанда унаалардын чыккан экологияны бузуп жаткандыктан, электр тогу менен жүрө турчу электромобилдерге өтүү сунушу көтөрүлгөн.

Шаар тургуну Нурбек Сакыбаев 6 айдан бери электромобиль айдайт. Бул аралыкта анын чыгымы азайган. Бирок унааны кубаттоочу техникалардын жоктугу алыс жолго чыккандарды санаага саларын белгиледи.

-Мисалы, бир күндө муңайга 1000 сомго чейин акча кетет эле. Мен жарым жылдан бери электромобиль айдап атам. Чындыгында, чыгым аз болот, ошол эле учурда ыңгайлуу. Бирок атайын кубаттоо үчүн каражат жок болгондуктан, өзгөчө алыс жолго чыкканда кыйынчылык туудурат.  

Өкмөт башчы электромобилдерге өтүүдө мамлекеттик органдар үлгү болушу керектигин, алардын автопаркын электромобилдерге өткөрүсүн тапшырды. Ошондой эле бул транспорттун түрүн салыктан бошотуу сунушу берилди. Эгер өлкө электромобилге өтсө бажы төлөмү жок, унаа токтотучу жайлар акысыз болот. Ошондой эле электромобилдердин батареяларын кубаттоо үчүн электр энергиясына 1 сом 59 тыйын өлчөмүндө атайын баа бекитилет. Электромобилдерди толук кубаттандыруу үчүн 7-8 саат керектелет.

Мурдагы экономика министри Эмил Уметалиев башка өлкөлөр электромобилге толук өткөнүн эске салды. Бул нерсе Кыргызстанда да колдоо тапса, сырттан келген унаалар бажы төлөмү жок келип, жарандар үчүн ыңгайлуу болмок.

Чет өлкөлөр электромобилге өттү. Биз дагы эртерээк бул кадамга барышыбыз керек. Сырттан келген унаалар бажы төлөмсүз  кирет. Биринчиден, жарандар үчүн ыңгайлуу болот, экинчиден, айлана-чөйрө таза сакталат.  

Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров даяр техниканы алып келүүгө каржат кеткени менен экология таза боло турганын айтты.

-Эми азыр техниканы болуп көрбөгөндөй өнүгүп, дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жетип жатат. Өкмөт токтом кабыл алган болсо, ишке ашат. Бул демилгени колдойм, себеби зыяндуу заттар азаят. 

Дүйнөдө электромобилдерди чыгаруу жана сатуу темпи жогору. Мындай өсүш технологиялык чечимдерге жана батареялардын баасынын арзандашына жараша болууда. Жеке ишкер Уланбек Исаков өзү сырттан унаа ташып келип сатат. Анын пикиринде, Кыргызстанда электромобилдерге кызыккандар көп, бирок ага шарт жок.

-Бизге буюрма түшө элек, бирок кызыккандар алып келип сатып жатат. Алып келүү үчүн, биринчиден өлкөдө ага шарт түзүү керек. Бирок электромобилге кызыккандар көбөйүүдө. Эгер шарт түзүлсө, албетте сырттан алып келебиз. 

Кыргызстанда күйүүчү майлар сырттан келип жаткандыктан, баасы да кымбат. Электромобилге өтүү, көп деле чыгым кетпей турганын экономист Искендер Шаршеев айтты.

-Биз күйүүчү майларды кымбат сатып алабыз. Ал эми электр энергия өзбүздө бар. Ошондуктан электромобилге өтсөк, экономикага чыгым болбойт эле. Бирок электромобилдер үчүн  кубаттоочу  техникаларды  бардык жерге орнотуу керек. 

Айта кетсек, дүйнөдө муңайдын кымбатташынан, экологияга зыяны жокутугунан улам Европа мамлекеттери электромобилдерге өтүүдө. 2020-жылга карата электромобилдер паркы 24 млн даанага жетет.

Copyright © 2017 Maral FM