Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Корея: Аба каттам ачылып, туризм жакшырат

Саясат | 18 Июл 2019 | 1871 | 0

Түштүк Корея Кыргызстан үчүн Азиядагы кыйла жакын өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өткөн кыргыз-корей бизнес-форумунун жүрүшүндө айтты. Ошондой эле, өкмөт башчы кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык экенин билдирди. Буга чейин Корея менен биздин мамлекеттин мамилеси кандай болгон? Эки тараптын жолугушуусу экономикалык өсүшкө таасир этеби? Бул суроолорду депутат, экономист жана серепчилерден берип көрдүк.

Бишкек – Сеул түз аба каттамын ачуу маселеси Кыргызстан — Түштүк Корея премьер-министрлеринин чакан жана кеңири форматтагы жолугушуусунда сүйлөшүлдү.  Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Абылгазиев белгилегендей, жылдан жылга Кореяга барууну каалаган кыргызстандыктардын, же ошол эле маалда Түштүк Кореядан Кыргызстанга келген туристтердин саны өсүп жатат.

— Эки тараптуу кызматташуубузда транспорт тармагы да көңүл сыртында калган жок. Аба каттамы жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол койдук. Туристтик байланыштарды жандандыруу, маданий-гуманитардык тажрыйба алмашуу максатында Бишкек-Сеул түз аба каттамын ачуу маселесин жакшылап карап чыктык.

Кореянын ишкерлери Кыргызстандын айыл чарбасына кызыгышат. Мындай ойду Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу айтты. Бирок эки өлкөнүн ортосунда жаңыдан түзүлүп жаткан келишимдердин суммасы анчейин деле жогору эмес экенин билдирип, буларга токтолду:

— Буга чейин өзүңөр байкагандай, Кореянын ишкерлери көп суммадагы каражат менен инвестиция кылышкан эмес. Мына эки күндөн бери өкмөт башчылары көп маселени талкуулап, бизнес-форум да болуп өттү. Бул эки тараптын жакындан таанышуусу, ал жактан келген бизнес ишкерлердин пландарынын ар тармактан коюлушу болду. Бирок мындан да жогорку деңгээлге чыгарышыбыз керек. Эки тараптын окшош жактары көп. Бул — өтө маанилүү. Менин билишимче, Корея биздин айыл чарбага, төө буурчакка жана балыбызга кызыгат. Демек, мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек.

«Кыргызстан менен Корея өлкөлөрүнүн ортосунда соода алакасы начар. Болгону бир гана багыттуу иштер жүрүп келет», — дейт экономист Кубан Чороев. Ал бийликтегилер басымды соода тармагына жасаса, мамлекеттин экономикасында кадимкидей өсүш байкалмактыгын кошумчалайт.

— Кыргызстан менен Кореянын ортосунда соода-сатык тармагы начар. Бир эле багыттуу десем болот. Дегеним, Кореядан гана бул жакка биздин жарандар товар алып келишет. Ошондо да аз. Биз ушул багытка басым жасап, бир эле тараптуу эмес, эки багыттуу иштерди, сооданы жүргүзүшүбүз керек. Транспорт маселесин чечип, визаны алуунун да жолдорун ойлоп табуу керек. Ошондо гана экономикада өсүү байкалат.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча серепчи Чынара Эсенгул Түштүк Корея өлкөсү Кыргызстандагы жумушсуздукту жоюга буга чейин жардам берип келген, мындан кийин да жардам берерине ишенет. Анын баамында, эгерде кабыл алынган келишимдер күчүнө кирсе, эң алгач соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүп, басымды ошол багытка жасоо зарыл. Кыргызстандын өндүрүмдөрү аталган мамлекеттин рыногуна чыкса, биздин дыйкандардын көйгөйү чечилмек.

— Корея жумуш берген жактан кыргыз жарандарын акыркы жылдары көп каржылап келет. Жумуш шарттары, виза жана айлык жагы да жакшы каралган. Бирок биз басымды айыл чарбасына койсок, жыйынтык жакшы болот. Эмне үчүн? Биздин дыйкандардын эмгегин ал жактын рыногуна байма-бай чыгарып турсак, киреше да, экономикабыз да өсмөк. Менин билишимче, алардын биздин айыл чарбага болгон кызыгуусу жогору.

Чет элден келген жеке ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо эмес, тескерисинче кысым көрсөтүлүп жатат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди. Инвестициялык абалдын төмөндүгү инвесторлорду тартууда көп көйгөй жаратып келерин да кошумчалады.

— Түштүк Корея Өзбекстан менен жакшы кызматташып келет. Аэропорт да салып берген. Унаа чыгарууда да кызматташтыгы бар. Биз да өлкөгө аэропорт салдыруу боюнча келишим түзүшүбүз керек. Бирок бир нерсени белгилеп кетишим керек, бизде инвестицияны кабыл алууда шарттар начар. Күч түзүмдөрү коррупцияны жоебуз деп, башка жактан келген ишкерлерге көйгөй жарата беришет. Алар бул боюнча көп нааразычылыктарын билдирип эле келе жатышат. Бул маселени да жөнгө салбасак, ансыз деле инвесторлордун келиши азайды, дагы жок кылып алышыбыз мүмкүн.

Кыргыз-корей бизнес-форумунун алкагында кызматташуу боюнча Инвестицияны коргоо жана илгерилетүү агенттиги менен Кореянын «Кит строй» компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюлду. Документте гольф жана спа-клуб куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу каралган. Ошондой эле, айыл чарба, дипломатиялык кызматташуу, кайтарымсыз жардам көрсөтүү боюнча документтерге да кол коюлду. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Түштүк Кореянын премьер-министрин кабыл алды.

Белгилей кетсек, аталган өлкөнүн өкмөт башчысы Кыргызстанга 17-июлда келген. Иш сапар 19-июлга чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM