Биз менен байланышыңыз

Шамшиев: Соода жана кызмат көрсөтүү тармагында мурдагыдай өсүш жок

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июл 2019 | 1444 | 0

Кыргызстандын экономикасы акыркы 5 айдын жыйынтыгы боюнча 5,6 %га, Кумтөрдүн пайдасын эске албаганда, 1,5 %га өстү. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Анда экономиканын көрсөткүчүнө терс таасир эткен факторлорду да атап өттү.

— Буга Кара-Балтадагы «Жунда» заводунун 2 ай иштебей турушу да терс таасир этти. Кыш жылуу болуп, электр энергиясын иштеп чыгаруу да аз болду. Андан тышкары, Кыргызстандагы кайра иштетүү тармагы 5-6 пайызга төмөндөгөн. Башка тармактарда жылыш бар.

Андан тышкары 2010-2012-жылдары кызмат көрсөтүү тармагы 5-6 пайызга өссө, азыр 1-2 пайызга жетип жатканын айтты. Андан тышкары, соода тармагындагы көрсөткүч да ушундай экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM