Биз менен байланышыңыз

9 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдиктердин мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлду

Кыска кабар | 1 Июл 2019 | 668 | 0

Укук коргоо органдары жана Экономика министрлиги менен макулдашылган атайын текшерүүлөрдүн негизинде ушул жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 630,9 миң сомду түзгөн 9146 бөтөлкө алкоголдук ичимдик мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бардыгы болуп алкоголдук ичимдиктин жүгүртүүсү менен алектенген 87 субъект текшерилип, төмөндөгү бузуулар аныкталды:

  1. Жасалма акциздик маркаларды даярдоо, сактоо, өткөрүү жана пайдалануу;
  2. Азык˗түлүк товарларын санитардык талаптар боюнча техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен сатуу;
  3. Соода эрежелерин бузуу;
  4. Спирт жана алкоголдук ичимдикти мыйзамсыз өндүрүү, өткөрүү, лицензиясыз (уруксатсыз) соода жүргүзүү.

Copyright © 2017 Maral FM