Биз менен байланышыңыз

10 айда соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 18 %га төмөндөдү

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Дек 2020 | 774 | 0

8 айда экономика 8.1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 8 айына карата курулуш тармагындагы киреше 15.5 %га,  кызмат көрсөтүүдөгү киреше 10.1 %га, өнөр жай тармагындагы киреше 5.5 %га төмөндөдү. Ал эми айыл чарбасы 0.9 %га өстү.

Тышкы мамлекеттер менен болгон сооданын төмөндөшүнөн улам 10 айдын жыйынтыгы боюнча соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 18 %га төмөндөдү. Ал эми экспорт 4.7 %га өсүп, импорт 26 %га төмөндөдү.

Экономикалык өзгөрүүлөргө негизинен пандемия, дүйнөлүк каржылык кризистен улам келип чыккан көйгөйлөр себеп болду.

«Биздин негизги соода өнөктөш мамлекеттер — Кытай, Орусия, Казакстан менен чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу сооданын төмөндөгөнү байкалды. Кызмат көрсөтүү эң көп жабыр тартты. Бул тармактын экономикадагы үлүшү 47 %дын тегерегинде болчу. Мейманкана жана ресторандардагы төмөндөө 44 %га чейин жетти. 2021-жылдын экинчи жарымынан тарта өсүш пайда болот деген үмүт бар», — деди Алыбаев.

Copyright © 2017 Maral FM