Биз менен байланышыңыз

«Чоңоюш керек». Абдылдаев Асрандиевдин сууда сүзгөнүн сындады

Кыска кабар | 4 Фев 2020 | 1942 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети бүгүн, 4-февралда вице-премьерликке сунушталган Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карады. Эл өкүлү Мыктыбек Абдылдаев талапкердин былтыр август айында Ысык-Көлдөн сүзүп өтөм деп жоголуп кетип, чуу жаратканын эске салып, кескин сындады.

Депутаттын айтымында, Асрандиев мындай жүрүм-туруму менен кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чече албайт.

«Мамлекеттик майрам болуп жатса, мамлекеттин акчасын чөнтөгүнө салып отурган адам Ысык-Көлдү сүзөм деп жүрөт. Бул кишинин түшүнүгү ушулбу? Жаш баланын кыялындай кыялдар болуп жатпайбы? Анан кантип кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чечет. Мен түшүнүп турам, бул кандидат туура эмес. Эркин Асрандиев, «чоңоюш керек». Мамлекеттик жумушка даярданып жүргөн адам, майрам күнү шаарда болуш керек, майрамга жакын туруш керек», — деди Мыктыбек Абдылдаев.

Ар кандай сын-пикирлерге карабастан, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-премьерликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келди.

Эске салсак, 2019-жылдын 31-августунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп баратып, дайынсыз жоголгон.

Аны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу жана “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары Ысык-Көл районунун акими жана прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгышкан. Ал ошол эле күнү саат 02:10 чамасында аман эсен табылган.

Copyright © 2017 Maral FM