Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 397 | 0

Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын издөөдөгү мүчөсү, Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин 39 жаштагы жараны «А.Н.» Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын алкагында кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM