Биз менен байланышыңыз

Октябрь айыл аймагынын башчысы пара менен кармалды

Кыска кабар | 3 Фев 2020 | 386 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айыл аймагынын башчысы «Т.К.» 350 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Ыкчам иштердин натыйжасында 30-январда Айыл өкмөт башчысы жеке ишкер «К. А.»дан 400 миң сом пара талап кылган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM