Биз менен байланышыңыз

Лейлекте 6 айдан бери жетекчиси жок Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө башчы шайланат

Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 627 | 0

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнүн белгиленди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымат кызматы билдирди. Шайлоо 12-ноябрда өтөт.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары саат 09:00дөн тарта 12:00гө чейин добуш беришет.

Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев райондун акиминин 2-апрелдеги буйругу менен кызматынан бошотулган. Белгилей кетсек, дээрлик 6 айдан бери аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл өкмөт башчысынын кызмат орду бош турган.

Copyright © 2017 Maral FM