Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан товарларды мыйзамсыз алып келүү фактысы аныкталды

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 389 | 0

Кыргыз-казак чек арасынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн бир катар товарларды ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

“Чоң-Капка авто жолу” контролдук өткөрмө пунктунан 21,8 тонна алма, 2,3 млн сомдук 27,7 тонна түтүк, 17,7 млн сомдук 1442 даана унаанын айнегин алып кирүү аракетине бөгөт коюлган. Бардык импорттоочуларда товарларды ташып кирүүгө салык органынын маалымкаты болгон эмес.

“Ак-Тилек авто жолу” постунан айдоочулар 8,2 тонна пеноплекс, товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 974 миң сомго 1304 коробка жемиш жана коштомо кагазы жок 4,4 млн сомдук консолидацияланган жүктү алып өтүүгө аракет кылышкан.

“Чалдовар” контролдук-өткөрмө пунктунан товарларды ташып кирүүгө салык органынын мөөнөтү өтүп кеткен маалымкаты менен 65 коробка Herbalife продукциясын алып өтүп бара жаткан унаа кармалган.

Мыйзам бузуу материалдары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM