Биз менен байланышыңыз

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери пара алып кармалды (видео)

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 663 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын Жалал-Абад облустук бөлүмүнө , Ч.А. аттуу жаран Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери утуп алган тендер үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жатканын айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 326- беренеси боюнча катталып, сотко чейинки иликтөөгө алынган.

Иликтөө учурунда, Ноокен районунун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М. А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, курулуш материалдары боюнча тендерди утуп алган тарапка 74 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

14-августта тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М. А.  40 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринде кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM