Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал эрежелери күчөтүлдү

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 374 | 0

Бүгүн, 1-апрелде Жалал-Абад шаарында өзгөчө абалдын эрежелери күчөтүлдү.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Күч түзүмдөрүнөн, шаардык мэриядан, элдик кошуундан түзүлгөн топ чогулуп, анда калаа башчысы Мураталы Тагаев, Жалал-Абад шаары, Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков өзгөчө абалдын күчөтүлгөнүн айтып, тийиштүү кызматтарды элге кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырышты.

Андан соң 4 топко бөлүнгөн тийиштүү кызматтар калаа аймагында рейд өткөрүштү. Көчөдө жүргөн ар бир унаа токтотулуп, уруксат кагазы жок жүргөндөр айып короосуна киргизилди. Ал эми себепсиз жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйдөн чыкпоосу эскертилди.

Бет капсыз сыртка чыккандарга айып пулдар салынууда.

Copyright © 2017 Maral FM