Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Янв 2020 | 348 | 0

Премьер-министр Алматы шаарындагы иш сапарынын алкагында Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, республика санариптик инфраструктураны куруу жана киберкоопсуздукту камсыздоо тармагында кызматташтыкты колдойт.

Өздүк ДАТА-борбордун курулушу үчүн пайдубалы түптөлдү. Биз республикада Amazon компаниясынын ДАТА-борборун жайгаштырууга кызыкдарбыз. Ошондой эле, дагы бир артыкчылыктуу багытыбыз жасалма интеллектти өнүктүрүү жана көлөмдүү маалыматтар чөйрөсүндө кызматташуу болуп саналат. Биз стартаптарды колдоо жана IT-адистерин даярдоо, окутуу чөйрөсүндө өнөштөш болууга ачыкпыз, — деди Мухаммедкалый Аблыгазиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин жетекчиси өлкөдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун курулушу жана тейлөөнүн артыкчылыктары тууралуу, Жогорку технологиялар паркынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл компаниянын кыргыз тарап менен компаниянын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

Ал өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, адистерди окутуу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирип, IT-долбоорлорду жүзөгө ашырууда жана өлкөнү санариптештирүүгө мындан аркы ийгиликтерди каалады

Copyright © 2017 Maral FM