Биз менен байланышыңыз

Патрулдук милиция кызматкерлеринин айлыгы 40%га жогорулады

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Янв 2020 | 1234 | 0

Патрулдук милиция кызматкерлеринин айлык маянасы 40% жогорулайт. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде айтты. Анын айтымында, аталган кызматта 800 кызматкер иштеши керек. Учурда 452 кызматкер кабыл алынган.

-Учурда 102 адис ИИМ академиясында атайын окутуудан өтүп жатат. Жумушка жаңы алынган кенже тескөөчү 22 200 сом алат. Мурдагыга караганда 10 миң сомго көбөйтүлдү. 1-январдан тарта Өкмөттүн токтому менен патрулдук милиция кызматкерлеринин айлыгы 40% жогорулады. Мурда 22 200 сом алган болсо, эми 26 200 сомго көбөйдү. Жаңы кызматкердин айлыгы 25 жылдык эмгек тажрыйбасы бар меники менен бирдей болду.

Жаңы кабыл алынып жаткандардын арасында түрк, англис, немис тилинде сүйлөгөн милиция кызматкерлери да бар экенин айтты.

 

Copyright © 2017 Maral FM