Биз менен байланышыңыз

К. Молдокасымов: Тарыхты изилдөөгө 5 млн сомду араң бөлүштү

Билим-маданият | 28 Янв 2020 | 741 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети «Байыркы кыргыз тарыхын изилдөөчү Мамлекеттик илимий институт түзүү» тууралуу токтомунун ишке ашырылышын талкуулады. Аталган институтту  Кыргыз-орус славян университетине же Улуттук илимдер академиясына ачуу сунушу айтылып, бөлүнө турчу каражат талашка түшүп, акыр аягында тарыхчыларга бөлүнө турган болду. Мындан улам, тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен маек курдук.

Марал:  Кыяс мырза, кечээ тармактык комитеттеги талкуудан кийин тарых изилдөөгө 5 млн сом каражат бөлүндү. Ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз? 

-Көптөн бери депутаттардан суранып жүрүп, тарыхты изилдөөгө жалпы 20 млн сом сураганбыз.  Кытайдагы, Ташкенттеги архивдерге, археологиялык экспедицияларга, табылган архивдик документтерди которууга, китептерди чыгарууга, эски кытай тилин үйрөнүүгө адис даярдоого жана башка толгон токой маселелерге деп суранган акчанын араң 4төн бир бөлүгүнө өкмөт акебиз араң көнгөн. Жарыбаган акчаны Славян университетине берилсин деп токтом токуп коё жаздаган жерден араң алып калдык. Биз институттун ачылышына каршы эмеспиз, бирок 20 млн сомду сурап келгенбиз. Китептерди которуу үчүн 5 млн сомду араң сурап алсак, эми силер бул акчаларды бизден тартып алып, 25 жылда өзүнө бир дагы имарат курбаган КОСУга тарыхты изилдөө үчүн бергени жатканы кызык болду.

Марал: Буга чейин тарых изилдөөгө мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнүп келди беле?  Дегеле, мамлекет  тарыхка  кандай көңүл буруп жатат?

Эгемендүүлүк алган жылдан тарта тарыхка көңүл бурулбай келет. Мамлекет тарыхты изилдөө иштерине көрүнүктүү каражат бөлбөй жатат.  Биз 5 жылдан бери кайрылып жүрүп, араң дегенде 5 млн сом бөлдүрдүк. Былтыр январь айында Кыргызстанга Си Цзиньпин келгенде Кытайдагы университет менен макулдашууга кол койгонбуз. Ал кытайлык окумуштуулар менен бирге басып чыгарган кытайлык булактардын жаңы жыйнагын белек кылган. Бирок жыйнакты кыргыз тилинде басып чыгарууга азыркыга чейин каражат жок.

Марал: Башка өлкөлөргө барып изилдеп, маалыматтарды топтоп жүрөсүз, ошондо ал иштерге өз каражатыңызды жумшап жатасызбы?

Жакында Кытай мамлекетинде болдум, көбүнчө жеке уюмдар менен сүйлөшүп, тарыхты изилдөөгө демөөрчү  издейбиз. Андан сырткары, «Мурас» фонду бир топ жардам берип келет. Тарыхыбызды изилдеп, аны кыргыз тилине которууга көп каражат керектелет.

Марал: Кыргыз тарыхы тууралуу маалыматтар кайсы өлкөлөрдө сакталып турат жана аны алып келүүгө эмне тоскоолдук болуп жатат?

-Кытай тарых изилдөө академиясынын директору, профессор Бу Шиянчун, окумуштуу профессорлор — Ли, Хуазы, Жаркын Турсун жана башка кесиптештер менен жолугуп, кыргыз тарыхы тууралуу кенен баарлаштым. Алар Кытай өкмөтү атайын куруп берген имаратына жаңы эле көчүп киргендиктен, өрлүктөп кирдим.  Жаңы табылгалар табылып, эмгектер жазылып, жарыяланыптыр. Атайын Кыргызстанга арналып түзүлгөн жыйнакты которууга Кыргызстан каражат таба албай жатканына карабай которо берели, анан таап каларсыңар деп ишти баштаптыр. Жыйнакты басып чыгарган Бейжиндеги Кытай коммерциялык «Пресс» басмасынын баш мүдүрү али которула элек жыйнакты Кыргызстанда басуу укугун Бишкектеги «Турар» басмасына бергенин ырастаган келишимге кол коюлду. Тарыхый баалуулуктар башка өлкөнүн китепкана, тарых музейлеринде сакталып турат, аны алып келүүгө каражат керек, тарыхчылар даяр болгону менен изилдегенге каражат бөлүнбөй келген. Жазмалардын көчүрмөсүн алуу да өзүнчө түйшүк.

-Марал: Маегиңизге чоң рахмат!

Маек курган: Нурайым Идирисова

Copyright © 2017 Maral FM