Биз менен байланышыңыз

«Тарых кээде саясатчылардын куралына айланып баратат»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Ноя 2019 | 768 | 0

Тарых кээде саясатчылардын куралына айланып бара жатат. Эми шайлоо алдында тарыхка кызыкпаган саясатчылар да тарых жөнүндө иш-чараларды өткөрө баштайт. Бул тууралуу «Мурас» коомдук фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Тарыхка  анчалык маани бербей жүрөбүз. Алсак, 1916-жылкы Үркүндү маарекелик мезгилдерде саясатчылар көп эскерет. Алар жыйындарды өткөрүп, тарых аркылуу элге көрүнүп калууга аракет кылышат. 1916-жылкы окуяны саясатка аралаштырбашыбыз керек. Анткени ал тарыхый окуя», — дейт Молдокасымов.

Анын айтымында, ата-балаларды эскерүү жөнүндө жарлыкта көрсөтүлгөн пукттар боюнча университет, мектептерде тийиштүү иш чаралар өтүүдө.

Быйыл маарекелик жыл болбогондуктан жолугушуулар, окуу жайларда атайын саттар гана өткөрүлдү.

Айта кетсек, өлкөдө 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары эки жылдан бери белгиленип келүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM