Биз менен байланышыңыз

Кытайлык аалымдар кыргыз тарыхына арналган дагы бир китеп чыгарды

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 1172 | 0

Кытайлык аалымдар кыргыз тарыхына арналган дагы бир китеп чыгарды. Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, аталган эмгек жакында эле жарык көрүп, «Цин сулалеси мезгилиндеги буруттар» деп аталат.

Китепте 1758-1864-жыл делгени менен андан мурунку жана кийинки кыргыздарга тийешелүү далай окуялар камтылган.

— «Китептин автору биздин өтүнүчүбүз менен бул китепте эмнелер камтылганы тууралуу 10 беттик макаласын жазып жиберди. Буюрса алгач макаланы, андан соң китепти котортуп, кыргызча чыгартып алсак, ал доордогу бир топ маалыматтар ачыкка чыкмакчы» , — деди Молдокасымов.

Молдокасымовдун айтымында, Пекин шаарында эмгектенип жатышкан тарыхчылар быйыл да жайында Кыргызстанга келип жаңылыктары менен бөлүшүп, биргелешкен илимий жыйын өткөрүп, кыдырып кетишмек. Бирок ааламды каптаган апааттан улам жай айына пландалган иш кийинкиге жылдырылган.

Ошондой эле тарыхчы апаатка байланыштуу алты айдан бери маяна албагандарына карабай, кытайлык тарыхчылар менен кызматташууну жемиштүү улантып жатышканын, өткөн жылы эки өлкө башчыларына тапшырылган жыйнакты да (эски кытай тилинен) каражат бөлүнбөсө да акырындап котортуп жатышкандыктарын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM