Биз менен байланышыңыз

ТИМ башчысы Германия экономикасынын өкүлдөрүн инвестиция кылууга чакырды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 386 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 27-январда Берлин шаарында герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмесинин Аткаруучу директору Михаэл Хармс менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Жолугушууда Айдарбеков Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымдады жана Германия экономикасынын өкүлдөрүн өлкөгө инвестиция кылууга чакырды.

Михаэл Хармс эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүнүн жана биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Аны менен бирге 2019-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форумун жана анын жүрүшүндө экономиканын түрдүү чөйрөсүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын позитивдүү белгиледи.

Айдарбеков Чыгыш-европалык бирикменин өкүлдөрүн ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Михаэл Хармс мындан ары дагы кызматташууга жана эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмеси – Германиядагы ири бирикмелердин бири. Анын курамына Siemens, Deutsche Bank, KNAUF сыяктуу жана башка бир катар ири германиялык компаниялар кирет.

Copyright © 2017 Maral FM