Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Штайнмайер менен Ангела Меркелди улуттук майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 521 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Германиянын канцлери Ангела Меркелди улуттук майрамы — Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Куттуктоо телеграммаларында Жээнбеков Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын көптөгөн тармактарында акыркы жылдарда олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.

Буга байланыштуу, ал эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары дагы Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга бекем негиз болуп бере тургандыгына ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Германиянын жетекчилигине бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги немис элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM