Биз менен байланышыңыз

Бир районго бир долбоор алып келбеген акимдер иштен алынат

Кыска кабар | 27 Янв 2020 | 428 | 0

Эртең биз облустун жетекчилери менен райондун акимдерине баа берели деп жатабыз. Иштей тургандар менен иштеп, иштей албагандар өздөрүнүн жеке менчик чарбасын кылыш керек. Кабинетти ээлеп, кызматтык машинаны минип жүрүп, бир районго бир долбоор алып келбеген, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошпогон акимдер менен коштошушубуз керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев Өкмөттүн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Ошондой эле Өкмөт башчы райондордогу кадр саясаты каралып жатканын, акимдердин бир да маселени эл көтөрмөйүн көтөрүп чыкпаганын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM