Биз менен байланышыңыз

Бишкекте шаардык эки автобус кагышып кетти

Кыска кабар | 25 Янв 2020 | 589 | 0

Бүгүн Бишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты. Бул тууралуу маалыматты «Бишкек сегодня» Telegram тайпасына окуянын күбөсү сүрөт жиберген.

Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиргендей, жабырлангандарды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Кырсыктын келип чыгышы такталууда.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Бишкекте катталган экинчи автокырсык. Биринчиси болжол менен 11:15тер чамасында Жибек Жолу жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон. Анда жөө кишини өткөрөм деген автоунааны экинчиси артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен биринчи автоунаада отурган аял киши жабыркаган.

Copyright © 2017 Maral FM