Биз менен байланышыңыз

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертет

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 421 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты. 2020-жылдын 26-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-115 чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM