Биз менен байланышыңыз

Британия парламенти “Брекситке” толугу менен макулдугун берди

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2020 | 483 | 0

Улуу Британиянын Жогорку парламент палатасы болгон – Лорд палатасы “Брекситке” жол бошотту.

22-январда парламент Британиянын Евро Биримдигинен чыгуу мыйзамын ратификациялады. Эми документ бүгүн ханыша Елизавета IIнин кол коюусуна жөнөтүлөт.

«Биз “Брекситти” ишке ашырууга сөз бердик, азыр чыгуу алдында  турабыз»,- деди Британиянын Евро Биримдигинен чыгуу маселелери боюнча министр Стивен Баркли.

Буга чейин Лейбористтер биримдиктен чыгуу келишимине өзгөртүулөр киргизилиши керек деп Брекситке макулдук бербей келген.

Эске салсак, британ парламенти бир чечимге келе албагандыктан, 2019-жылдын 29-мартында аткарылышы керек болгон Брексит келишими бир нече ирет артка жылдырылган. Эми Британия 2020-жылдын 31-январына чейин Евро Биримдиктен чыгып кетүүсү күтүлүүдө.

2016-жылдан бери Улуу Британияда Брексит маселесине байланыштуу өкмөт менен келише албаган 2 премьер-министр кызматтан кетти. Эгерде Брексит ишке ашса, учурдагы өкмөт башчы Борис Жонсондун карьерасында эң ийгиликтүү кадам болуп калмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM