Биз менен байланышыңыз

Нигерия жараны Тижжани Али Абубукардын өлүмүнө себепкер 7 жыл 6 айга кесилди

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 351 | 0

Cambridge School тил үйрөтүү мектебинин директору Али Тижжани Абубукардын өлүмүнө себепчи болгон айыпталуучу К.Э. 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту чыгарды. Бул тууралуу райондук сот кабарлады.

2019-жылдын 2-июлунда Бишкекте борбордун универсалдуу дүкөндүн жанында Нигериянын жараны менен чырдаша кеткен бирөө аны муштуму менен жаак тушка урган. Алган жаратынан Али Абубукар өзүнө келбей каза болгон.

Көп өтпөй кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну К.Э. кармалып, ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотоновдун 2019-жылдын 11-декабрындагы чечимине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси менен кылмышка шектүү К.Э. аттуу жаран 7,5 жылга кесилип, 900 миң сом айыппул салынган.

Учурда ал Бишкектеги №1 тергөө абагында. Жаза өтөө мөөнөтү 2019-жылдын 3-июлунан баштап саналат.

Cambridge School мектебинин директору Али Тижжани Абубукардын сөөгү Чоң-Арык айылындагы мүрзөгө коюлган.

Каза болгон чет элдик жарандын артында аялы жана бир баласы калды. Учурда алар Нигерияда жашашат.

Copyright © 2017 Maral FM