Биз менен байланышыңыз

Зилалиевдин соту дагы кийинкиге жылды

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 597 | 0

Бүгүн, 22-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна белгиленген мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча отурум өткөн жок.

Процесс күбөлөрдүн жоктугуна байланыштуу жылдырылды, кийинки отурум 29-январда өтөт.

Ошондой эле жактоочу тарап кошумча күбөлөрдөн көрсөтмө алуу маселесин көтөрдү. Прокурор билдиргендей, отурумдун тартиби орнотулган жана негизги күбөлөрдөн сурак алган соң гана алардан көрсөтмө алууга болот.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура тарабынан Зилалиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM