Биз менен байланышыңыз

Зилалиевдин иши боюнча сот 25-мартка жылдырылды

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 512 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш ишин кароону 25-мартка калтырды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюу беренеси менен айыпталып, камакка алынган.

Бүгүн, 18-мартка белгиленген соттук отурум айыпталуучунун жактоочусунун келбей калганына байланыштуу болбой калды.

Соттук териштирүү 25-мартта саат 14:30га белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM