Биз менен байланышыңыз

Бишкектин мурдагы вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Июн 2021 | 756 | 0

Бишкектин мурдагы вице-мэрине мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы вице-мэр Уланбек Азыгалиев жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кызмат абалынан пайдаланышып, жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди мыйзамсыз беришкен.

Ошондой эле Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз жол менен Бишкек шаарынан жана Ысык-Көл облусунан 7 жер тилке, 11 кызматтык жай, 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунан 2 коттедж жана 5 кымбат баалуу унаа алып, жакын туугандарына каттаткан.

Уланбек Азыгалиевдин жана жакын туугандарынын байлыгы 100 миллион сомдон ашык акчага бааланды.

Учурда мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Уланбек Азыгалиев Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан 2020-жылдын декабрында мурдагы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлүбаевдин буйругу менен кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM