Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Мыйзамсыз байыган чиновниктердин иши каралыш керек

Кыска кабар | 13 мая 2020 | 742 | 0

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз байыгандарга карата эл ичинде нааразычылык күчөдү. 1990- жылдан бери мамлекетке ар кандай гранттар, 10 млрд. доллар өлчөмүндө акча бөлүндү, бирок бир да оозго аларлык завод, фабрика курулган жок. Мына ошол акчаларды ким кантип пайдаланып кеткен, мына ошол чиновниктер боюнча Өкмөт иш алып барыш керек. Мындай пикирин Парламенттин бүгүнкү отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдуу өлкөдө жашап, бардык иштер мыйзам чегинде алып барылышы керек.

Токсонунчу жылдардан бери ушул убакытка чейин мыйзамсыз байыган чиновниктердин ишин караш керек. Кантип сатылып кеткен, кандай жол менен менчиктештирилген? Чара көрүлүш керек , — деп билдирди Тазабек Икрамов.

Copyright © 2017 Maral FM