Биз менен байланышыңыз

УКМК: Алмамбет Салиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 634 | 0

Президенттин аппаратынын жетекчисинин экс-орун басары Алмамбет Салиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактылар аныкталып камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Такталгандай, Алмамбет Салиев Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда, кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик түзүмгө зыян келтирген жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын лоббирлеген укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкен.

Ошондой эле, Салиев мамлекеттик кызматта иштеген мезгилде өзүнүн расмий кирешесинен алда канча ашыкча мүлк топтогон. Муну менен катар Салиев мыйзамсыз кирешесин курулуш компанияларынын бирине жумшаган.

Учурда Салиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иште чогултулган далилдердин негизинде, 16-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесини 3-бөлүмү (Мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча Алмамбет Салиев УКМКнын тергөө абагына камалды.

Copyright © 2017 Maral FM