Биз менен байланышыңыз

Үрүмчүдөн келгендерди Кытайда пайда болгон жаңы вирус боюнча текшерип жатышат

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 543 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунда Үрүмчү- Бишкек багыты менен учкан жүргүнчүлөрдү Кытайда пайда болгон жаңы вируска текшерип жатышат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Санитардык- карантиндик пункттун адистери аралыктан туруп тепловизор менен жүргүнчүлөрдүн температурасын жана аталган жаңы вирус боюнча белгилери катталып-катталбаганын текшерип жатышат.

Үрүмчү- Бишкек- Үрүмчү багыты боюнча күндө бир жолу каттам жүргүзүлөт. Ошондой эле аталган каттам 23-январдан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жыл майрамын майрамдоого байланыштуу убактылуу токтотулмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM