«Манас» эл аралык аэропортунда Үрүмчү- Бишкек багыты менен учкан жүргүнчүлөрдү Кытайда пайда болгон жаңы вируска текшерип жатышат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Санитардык- карантиндик пункттун адистери аралыктан туруп тепловизор менен жүргүнчүлөрдүн температурасын жана аталган жаңы вирус боюнча белгилери катталып-катталбаганын текшерип жатышат.
Үрүмчү- Бишкек- Үрүмчү багыты боюнча күндө бир жолу каттам жүргүзүлөт. Ошондой эле аталган каттам 23-январдан 1-февралга чейин Кытайдагы Жаңы жыл майрамын майрамдоого байланыштуу убактылуу токтотулмакчы.