Биз менен байланышыңыз

Шаршеев: Кыргыз-тажик чек арасында контрабанда боюнча 50 факт катталды

Кыска кабар | 21 Янв 2020 | 508 | 0

Кыргыз-тажик чек арасында 2019-жылы аткезчилик боюнча 38 млн. сом суммадагы 50 факт катталган. Мындан улам, чек арада аткезчилик жок деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйында билдирди.

«Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө бир эле жолдо 29 май куюучу жай турат. Ал жерден мыйзамдуу эле куюп кетип жатышат. Ошондой эле, ошол жолдун жээгинде эле дүкөндөр курулуп, эл соода-сатык менен алектенүүдө. Ошол жактан да жүктөр кетип жатат» , — деди Шаршеев.

Ошондой эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арадагы аткезчилик боюнча тийиштүү органдар күрөшүп жаткандыгын айтып, чек аранын такталбаган аймагы көп болгондуктан, чоң-чоң чектөөлөрдү киргизүү керектигин, тиешелүү маселелер көп экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM