Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Түркиянын ортосундагы макулдашууга кол коюлду

Кыска кабар | 18 Янв 2020 | 514 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, мыйзам 2019-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM