Биз менен байланышыңыз

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы өзгөчө салтанат менен өткөрүлөт

Кыска кабар | 6 Сен 2020 | 637 | 0

Жакында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлат.

Бул туурасында 5-сентябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде белгиледи.

«Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен өлкөбүздүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын чоң сыймык менен белгилейбиз», — деди өлкө башчысы.

Бул өзгөчө маанилүү датага даярдыктар эмитен башталып жатканын кошумчалады.

«Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы Туткучев дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди», — деп жыйынтыктады Жээнбеков.


Президент Эгемендүүлүк күнү Аалы акын аткарган ыр боюнча пикирин билдирди

Copyright © 2017 Maral FM